• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милиция дайынсыз жоголгон Алмазбек Аралбаевге издөө салат

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Милиция дайынсыз жоголгон Алмазбек Аралбаевге издөө салат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Алмазбек Аралбаев 2018-жылы Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына кеткен, андан соң 2019-жылы Россиянын Москва шаарына иштөөгө кеткен. “Ошол бойдон азыркыга чейин дайыны жок”, - деп билдирди Алмазбек Аралбаевдин агасы Канатбек Аралбаев.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Алмазбек Аралбаев 2022-жылдын 31-майында Россиядан Кыргызстанга учуп келгендиги аныкталган. Бирок, бүгүнкү күндө анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбой жатат.

Белгиленгендей, 28-сентябрда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы А.Абдрахманов атындагы орто мектебинин соцпедагогу социалдык тармактар аркылуу Алмазбек Аралбаевге издөө салган. Мугалим апасы капыстан каза болгон 5-класстын окуучусунун атасын табууга жардам берүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий