• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Милиция дайынсыз жоголгон Бекзат Тешебаевге издөө салат

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Тешебаев Бекзат Шералиевичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 3-июлунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар конушундагы Эркиндик көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы сары түстө, кой көз.

Кийимдери: үстүндө боз түстөгү көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, көк түстөгү жайкы бут кийим, кара түстөгү жайкы баш кийим.

Өзгөчө белгилери: педагогикалык өнүгүүсүнүн кечеңдөөсү.

«Бекзат Тешебаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23,0709 21-18-08,0550 34-33-63 0778 00-09-99 (издөө тобу)” , - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий