• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Милиция дайынсыз жоголгон эне-баланы издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.20 /Кабар/. Аламүдүн райондук милициясы дайынсыз жоголгон 1986-жылы туулган Сейитова Маргубахан Абдыкалиловнаны жана анын 2017-жылы туулган уулу Сейитов Данил Абдыкалиловичти издөөдө. Эне-бала август айынын башында байланышка чыккан боюнча дайынсыз болууда.

Маргубахан Сейитованын белгилери: бою 168-170 см, орто дене түзүлүштөгү, чачы кара, мезгилге жараша кийинип жүргөн.

Данил Сейитовдун белгилери: бою болжол менен 70 см, орто дене түзүлүштөгү, чачы кыска, үстүндө мезгилге жараша кийими болгон.

«Эне-баланын кайда жүргөнүн билгендер болсо, анда төмөнкү телефондорго маалымдап коюңуздарды суранабыз: Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү 0(312) 36-35-27, 0(312) 36-35-23, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99» - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий