• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция дайынсыз жоголгон Нарынбек Исаевге издөө салат

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1970-жылы туулган Исаев Нарынбек Калыевичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын 5-октябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы кыска кара түстө, чап жаак, кой көз.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү күрмө, көк түстөгү кофта, кара түстөгү жайкы баш кийим, ак түстөгү спорттук бут кийим.

“Нарынбек Исаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 61 69 07, 0703 17 17 70708 10 81 10 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий