• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция дайынсыз жоголгон Талант Мырзаевге издөө салат

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 59 жаштагы Мырзаев Талант Жамбуловичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 21-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачын ак баскан, кой көз.

Кийимдери: үстүндө боз түстөгү кофта, боз түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү гөлөч.

“Талант Мырзаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү 0(312) 36-35-27, 0(504) 77-22-77, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08” , - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий