• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция дайынсыз жоголгон Венера Короткованы издеп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 1984-жылкы Венера Короткова изделүүдө.

Белгилери: бою 155-160 см, чачынын түсү кара, орточо дене түзүлүштөгү. Ошол күнү үстүнө кызыл түстөгү көйнөк, көк түстөгү джинсы шым кийип, күлгүн түстөгү сумка көтөрүп жүргөн.

Венера Короткованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 61-69-07, 0(701) 61-69-07, 0 (501) 10-00-51 же "102" кызматына.

Пикир

Оставить комментарий