• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Милиция эки шаар тургунунан 3,5 кг баңги затын тапкан – ИИМ

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Күн мурун милиция кызматкерлери тарабынан эки бала кармалып, алардан 3,5 кг баңги заты табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи окуя 19-октябрда катталып, шектүү бала 18-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болуп чыккан. Жеке буюмдарын текшерүү учурунда 3 кг баңги заты табылган.

Билдирүүгө ылайык, ушундай эле окуя Чүй облусунун Москва районунда катталган. Милиция кызматкерлери “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасын текшерүү маалында 23 жаштагы Д.А. аттуу шаар тургунунан 480 грамм марихуана табышкан.

ИИМден кабарлашкандай, аталган эки факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий