• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция формасын кийип туристтерди тоноп кеткендердин өздүгү тактала элек – ШИИБ

Коом 0

Бишкек, 07.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек шаардык ИИБси милиция формасын кийип, туристтерди тоноп кеткен факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

ШИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жабыркаган туристтерден тоноо фактысы боюнча арыз келип түшкөн жок. Бирок интернет аркылуу тараган маалыматтан улам иликтөө амалдары жүрүүдө.

“Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жагдай териштирилүүдө. Формачан адамдар ким экендиги тууралуу так маалымат жок. Эгерде алар чындыгында эле милиция кызматкерлери болуп чыкса, анда кызматтык териштирүүнүн алкагында катуу чара көрүлөт. Жада калса кылмыш иши да козголушу мүмкүн”, - деп билдиришти ШИИБден.

Эске сала кетсек, 5–сентябрда Бишкекте милиция формасын кийген адамдар туристтерди тоноп кетишти, - деп Facebook баракчасынын колдонуучусу Аскат Чыналы жазып чыккан болчу.

“Бүгүн менин көзүмчө “Спартак” стадионунун жанында Европадан келген туристтерди тоноп кетишти. Милиционерлер эки туристти тегеректеп, бир нерселерди сүйлөшүп жатып эле дароо качып кетишти. Туристтерге барып эмне болгондугу тууралу сурасам, алар милиционерлер бардык акчаларын уурдап кетишкендиктерин айтышты. Аларды үйгө алып келип, тамак бердим. Албетте бардык милиционерлер жаман эмес. Бирок беш кол тең эмес!!!”, - деп жазган Аскат Чыналы.

Пикир

Оставить комментарий