• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция издөө салат: Кылмышка шектүү Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы тарабынан Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну Абдурайимов Шухратбек Бахадрович изделүүдө.

Шаардык милициядан билдиришкендей, ушул жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү болжол менен саат 02:00дө Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында, Сузак районунун 29 жаштагы И.С. аттуу тургунун кара түстөгү "Мерседес-Бенц" унаасын башкарган азиат улутундагы 20-25 жаштагы белгисиз жаран сөз талашып, уруп денесине залал келтирген. Натыйжада И.С. денесинен алган жаракатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты 9-март күнү Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ошол эле күнү И.С. денесинен алган жаракатынан улам эсин жоготуп жаткандыктан, Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча ачылган жазык иши Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) өзгөртүлүп, кайрадан квалификацияланган.

10-март күнү ооруканада жаткан И.С. денесинен алган жаракатынан улам эсине келбестен каза болгон.

"Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад шаарынын тургуну 22 жаштагы Абдурайимов Шухратбек Бахадрович экендиги жана спорттун кикбоксинг, М-1 түрлөрү боюнча рингге чыгып жүргөндүгү такталган. Бирок аталган окуяга шектелген Абдурайимов Шухратбек Бахадрович жүргөн жерин жашырып качып жүргөндүктөн, 13-март күнү кармалган жеринен камакка алуу өтүнүчү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан канааттандырылган. Аталган факты боюнча кылмышка шектүү Абдурайимов Шухратбек Бахадровичтин жүргөн жерин билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды (03722) 102; ‎(0555) 102-305; (0777) 59-59-59 телефон номерлерине кабар берүүсүн суранабыз. Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет", - деп билдирет Жалал-Абад шаардык милициясы.

Пикир

Оставить комментарий