• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Милиция: Караколдогу мушташтын катышуучулары 1500 сомдон айып төлөшөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. 2018-жылдын 5-январында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында массалык мушташка катышкандардын ар бири 1500 сомдон айып төлөшөт. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Мындай чечимди бүгүн, 12-январда Каракол шаардык соту чыгарган.

Ошондой эле мушташтын катышуучулары коомдук иштерге тартылган - ар бирине 8 сааттык жумуш.

Эске сала кетсек, 5-январда айрым ЖМК лыжаларды ижарага берүүчү “Доя” жайынын жанындагы мушташтын видеосун жарыялашкан.

Кийинчерээк милициядан мушташ Каракол шаарынын тургундары менен ижарага берген адамдардын ортосунда чыккандыгын билдиришкен.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундары лыжаны ижарага алып, кечинде алып келгенде бир таякчасы сынык болгон. Ижарага берип иштеген жумушчулар келтирилген чыгым үчүн 2 миң сом талап кылышкан, бирок алар аны берүүдөн баш тартышкан. Өз ара пикир келишпестик массалык мушташка алып келген. Кийинчерээк тараптар элдешип, келтирилген чыгымды төлөп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий