• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Милиция Караколдогу шайлоо тилкелериндеги добуш сатып алуу фактысы тууралуу билдирүүнү төгүндөдү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 17.10.17. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ИИБ Каракол шаарындагы үч шайлоо тилкесиндеги добуш сатып алуу фактыларын четке кагат. Бул тууралуу ИИБ басма сөз кызматы төмөнкү жүйөөлөрдү келтирет:

“Кечээ маалымат жыйында “Жарандык платформа” көз карандысыз байкоо боюнча фондунун координатору Алмаз Абдыкеримов алардын Каракол шаарындагы үч шайлоо тилкесиндеги байкоочулары шайлоочуларга акча таратууну каттагандыгын билдирген. Бирок ТШК өкүлдөрүнө билдиргенде алар милиционерлерди чакырышкан. Акча таратып жатат деген унаа жок болуп чыккан. Бул билдирүү чындыкка дал келбейт”,- деп билдирет Ысык-Көл облустук ИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.

Ал шайлоо күнү Каракол ИИБге ТШК өкүлдөрү тарабынан акча таратуулар тууралуу арыз же билдирүү келип түшкөн эмес. Ошону менен бирге эгерде көз карандысыз байкоочулар мындай фактыга күбө болушса, өздөрү милицияга кайрыла алышмак. Бирок алар тараптан бул факты боюнча кайрылуу түшкөн эмес.

“Өз билдирүүсүндө Абдыкеримов кайсы үч ТШКда бул фактылар байкалганын көрсөткөн эмес. КР КЖК 26-беренесинин 1-бөлүгүно ылайык, бул кылмыш жеке айыптоо болуп саналып, арыз ээси тарабынан сотко арыз жазуу менен козголот. Ошондуктан алардын көз карандысыз байкоочулары, Абдыкеримов ырастагандай, бул фактыны байкаган болушса, анда алар жарандык милдетин аткарып, тиешелүү укук коргоо органдарына арыз жаза алышат”, - деп белгилейт Усубакунов.

Пикир

Оставить комментарий