• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция: "Казак" каймана аттуу жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Ош шаарынын криминалдык милиция кызматы тарабынан издөөдө жүргөн "Казак" каймана аты менен белгилүү болгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Күн мурун кылмышка шектүү М.У. (мурдагы аты К.Э.) милиция тарабынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, 48 саатка кармоо чечими чыгарылган.

Бирок сурак учурунда өзүн начар сезгендигине байланыштуу Тез жардам чакырылып, Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кайтарууга алынган.

"Кылмышка шектүү М.У. (мурдагы аты К.Э.) мурда бир нече жолу соттолгон. Ал 9-октябрь күнү Ош шаарынын "Скай-бар" түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы жигит менен сөз талаша кетип, миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, изин жашырып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын криминалдык милиция кызматы "Казак" каймана аты менен белгилүү адамдан жабыр тарткандар болсо, анда 03222-2-46-78 номери аркылуу кайрылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий