• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция Казарманда майып небересин сабаган кемпирдин видеосу боюнча билдирүү жасады

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Милиция Жалал-Абад облусунун Казарман айылында майып небересин сабаган кемпирдин видеосу боюнча билдирүү жасады.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 7-февралда Алтынбек Артыкбек уулу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир тууган карындашы 25 жаштагы А.к.А.на карата Казарман айылында жашаган таятасы С.С. жана таенеси А.У. зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөндүгүн социалдык тармактардын бирине жүктөп, мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган видео жарыяланган.

Окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо райондук милициясына катталган. Милициянын ыкчам тергөө тобу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте көрсөтүлгөн дарекке барып, А.к.А. менен маектешкен. Ошондой эле таятасы жана таенесинен түшүнүк каттар алынып, материалдар топтолгон.

А.к.А. өзүнүн берген көрсөтмөсүндө Казарман айылында 1999-жылы апасы каза болуп калганда таятасы менен таенесинин колунда чоңоюшкандыгын билдирген. Ошондой эле 2021-жылдын 5-февраль күнү Бишкек шаарында жашаган бир тууган агасы Алтынбек Артыкбек уулу келип, шаарга алып кетем дегенде таятасы менен таенеси кое бербестигин айтып, таенеси бир нече жолу колу менен денесине уруп, буту менен тепкилегендигин айткан. Аталган окуяга чейин А.к.А.ны таятасы жана таенеси колдору менен урбагандыгын, бирок спирт ичимдиктерин ичкенде сөз менен урушушкан.

"Таятасы тарабынан зордуктоого кабылган эмес, агасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда агасы "Бирөөлөрдөн уктум, сени таятам зордуктаптыр" деп сураган учурда зордуктаган деген сөзгө түшүнбөстөн ооба деп жооп бергендигин, таятасы тарабынан эч кандай зордуктоо болбогондугун билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Таенеси өзүнүн көрсөтмөсүндө жолдошу С.С. экөө каза болуп калган кызынын 3 баласын камкорчу катары багып алышкан. Ал эми 25 жаштагы А.к.А. 1-топтогу майып экендигин билдирген. Ал майып болгондуктан, үйүндө абышкасы менен бирге карап жатышат. 2021-жылдын 5-февраль күнү небереси Алтынбек Артыкбек уулу Бишкек шаарынан келип, карындашын шаарга алып кетем дегенде жини келип, 3 жашынан баштап баккан небересинин кетем дегенин угуп, колу менен ургулап, буту менен тепкилегендигин билдирген.

Жабырлануучу А.к.А. окуядан кийин ооруканага жеткирилип, алгачкы дарыгерлер менен бирге текшерүү учурунда анын денесинде (жыныстык мүчөсүндө) жаракаттар аныкталган эмес.

Аталган факты боюнча топтолгон материал 8-февраль күнү Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Текшерүү иштери жүрүүдө.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ИИМдин тергөө кызматы жана жоруктар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынды жана бардык иликтөө иш-чаралары мыйзам чегинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий