• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция клей жыттап, жашоочулардын тынчын алган өспүрүмдү кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери клей жыттап, жашоочулардын тынчын алган өспүрүмдү кармады

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 19-октябрында болжол менен саат 23:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына белгисиз жарандар тарабынан Фучик эс алуучу жайында жаш өспүрүм элге тынчтык бербей жатат деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барышкан. "Милиция кызматкерлери 14 жаштагы өспүрүм клей жыттап, акыл эсин жоготуп, элге тынчтык бербей жерди тепкилеп, кыйкырып-бакырып жатканына күбө болушкан. Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери Жуматаев менен Темиркулов ошол замат чечим кабыл алып, коомдук тартипти орнотуу менен бирге жаш өспүрүмдү Ленин райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти. Азыркы учурда Ленин райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмү тарабынан жаш өспүрүмдүн аты жөнүн, ата-энесин жана жашагандыгы тууралуу дарегин тактоо иштери журүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий