• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция коомдук транспорттордун техникалык жана санитардык абалын текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук транспорттор менен иш алып барууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Шаардык транспорт башкармалыгы жана санитардык-экологиялык инспекциясы менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун, маршруттук унаалардын техникалык абалын жана санитардык-гигеналык тазалыгын текшерүү иретинде атайын иш-чаралары өткөрүп жатат.

Бул үч башкармалык атайын мобилдик топторго бөлүнүп, Бишкек шаарынын төрт районунда иш алып барууда. Өзгөчө маршруттук унаалардын каттамга жүрүү учурунда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздаган санитардык экологиялык абалын, “COVID-19” илдетине каршы антисептик каражаттардын болуусун жана жүргүнчүлөрдү ташууда белгиленген нормалардын сакталуусун талап кылууда.

Ошондой эле, маршруттук унаалардын айдоочуларына жүргүнчүлөрдү унаага салууда жана түшүрүүдө аялдамаларда кана токтоосун эскертип, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырууда.

Пикир

Оставить комментарий