• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштурган каналды аныктады

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “К.А.” ЖЧКнын жетекчисинин орун басары башкы директорунун жоктугунан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жалган маалыматтарды берүү аркылуу эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу шылтоосу менен чет өлкөлүк жарандарга КРнын аймагына келүүлөрүнө уруксат берүүчү документтерди жасап берип, бул кызматы үчүн сый акы алып жүргөнү маалым болду.

Бул ЖЧКнын башкы директору болгон чет өлкөлүк жаран М.Кнын КРнын аймагынан тышкары чыгып кеткенден бери, анын орун басары жүргүзгөн ишмердүүлүк жасалма болгон.

Жогорудагы ЖЧКда чет өлкөлүк жарандар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмес жана тиешелүү болгон документтери жок башка иштерде иштеп жүргөндүгү аныкталды.

Аталган ЖЧКда чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагына мыйзамдуу келүү жана жүрүү боюнча мыйзамсыз кызматтар көрсөтүлүп келген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, жетекчинин орун басары У.Р.га шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып, сотко жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий