• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Аялдын өмүрүн алган кырсык. Милициянын 6 жетекчиси жазага тартылды

Коом 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Милиция кызматкери катышып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери каза болгон жол кырсыгы боюнча 6 жетекчи жазаланган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, 6 адам ар түрдүү тартиптик жазага тартылган - сөгүш, кызматынан алуу.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Токмоктогу ок атышуу боюнча кызматтык иликтөө болуп жатканын жана анын жүрүшүндө, эмнеге кызматкерлер ал окуя тууралуу өз убагында кабарланбаганы аныкталарын кошумчалады.

"Эмнеге биз аны жалпыга маалымдоо каражаттарынан билдик - аныктап жатабыз", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий