• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Милиция кызматкери Молдовановка айылындагы абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Милиция кызматкери Молдовановка айылындагы абактын аймагына баңгизат ыргытууга аракет кылган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 16-декабрында белгисиз эки бала Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 имараттын аймагына тыюу салынган затты ыргытууга аракет кылышкан.

Алардын бирөө кармалган, ал эми экинчиси окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Жеринде көлөмү 189,67 грамм болгон баңги заты табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөөнүн журушүндө 2018-жылдын 10-августунда кылмышка шектүү болгондордун экинчиси кармалган. Ал 34 жаштагы Н.К.Ж., аттуу жаран, кармалган учурда ал ИИБдердин биринин кызматкери экендиги маалым болгон.

Учурда иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий