• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция кызматкерин сабаган УКМКнын кызматкерине карата катуу чара көрүлөт – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерин сабаган КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМКнын басма сөз билдирди.

Эскерте кетсек, ЖМКларда 6-мартта УКМКнын кызматкери унаада курчоого алынган жерде турган милиция кызматкерин сабаганы тууралуу маалымат тараган.

Жабырлануучу – Бишкектин Октябрь РИИБинин опер кызматкери – буту сынып, ооруканага жеткирилген.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, айдоочу мас абалда болгон. Ал кармалып, Бишкек ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Аталган факты боюнча тескөө башталды.

Пикир

Оставить комментарий