• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтында адашып жүргөн баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланы таап, атасына жеткирип беришти.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 9-февралда болжол менен саат 12:00дө калаадагы "Ала-Тоо" аянтында кичинекей бала адашын жүрөт деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, 2011-жылы туулган Ы.Б. аттуу кичинекей бала үйүн таппай жүргөндүгүн аныкташкан.

"Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын старшинасы Айбек Абдрасулов жана милициянынын кенже сержанты Эрлан Салаватов аз убакыттын ичинде жаш баланын жашаган дарегин таап, атасына аман-эсен жеткирип беришти", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине жаш баланынын Г.С. аттуу атасы ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий