• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Милиция кызматкерлери ардагерге азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Улуу муунга көңүл буруу жана колдоо көрсөтүү максатында КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Карылардын эл аралык күнүнө карата «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү» аттуу бир айлыкты өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча кызматкерлери өздөрүнүн ардагери, 30 жылдан ашык өмүрүн ички иштер органдарына арнаган милициянын подполковниги Куштарбек Айтмамбетовдун үйүнө барышты.

Куштарбек Айтмамбетов келген конокторго көңүл бурганына абдан кубануу менен тосуп алып, милиция кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктап, кызмат жөнүндө эскерүүлөрүн кубаныч менен бөлүшүп, көптөгөн пайдалуу кеңештерди берди, ошондой эле кесиптик милдеттерин татыктуу аткарууну, кызматтык милдетин аткарууда кылдат болууну, өзүн дайыма өркүндөтүүнү жана жаңы ийгиликтерге, бийиктиктерге жетүүнү каалады.

Өз кезегинде кызматкерлер ардагерге ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бакубатчылык каалашып, ардагерлер дайыма кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге үлгү катары, жаш муундарды тарбиялоо жана тажрыйбаны өткөрүп берүүдө орду абдан маанилүү экендигин белгилешти.

Улгайган адамдын күнү – улуу муунга жашынын эскертүүсү эмес, бул карыларга өзгөчө көнүл буруу күнү. Мындай иш-чаралар натыйжалуу тарбиялык учурларды камтып, урматтоону жана эртеңки күнүбүзгө ишенимдүү түрдө карай билүүнү үйрөтөт.

Жолугушуунун аягында милиция кызматкерлери ардагерге азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий