• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Милиция кызматкерлери Баткендеги Андарак айылынын жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. Баткен облусундагы Лейлек айылынын Андарак айылында эл менен жолугушуулар өтүүдө, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Андарак айылынын эли менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул жолгушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, айылдагы маселелер көтөрүлдү.

Андарак айылы район борборунан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тоолуу айыл болгондуктан бул жерде көбүнчө кылмыштуулуктун мал уурулук түрү көбүрөөк катталат. Мындан сырткары, айыл ичинде майда уурулуктар катталып, баарынын тең бети ачылган.

Жолугушууга келген тургундарга милиция кызматкерлери мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андарак айылынын тургундары жолугушууга келгендерге социалдык маселелер менен кайрылып, жер тилкесин ажыратып берип, ал жерге милициянын участкалык пунктун салып берүүнү суранышты.

Пикир

Оставить комментарий