• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция кызматкерлери үчүн ийгиликтүү пикир алмашуу боюнча тренинг өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Милиция кызматкерлери үчүн ийгиликтүү пикир алмашуу боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Тренинг АКШнын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “Милициянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

Бул программа 2014-жылдан бери ИИМдин катышуусу менен “Эл аралык толеранттуулук үчүн” жана "Saferworld" фонду тарабынан ишке ашырылып келет. Аталган иш-чара 18-20-ноябрга күндөрү Ош шаарында өткөрүлгөн. Ага Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери катышкан.

"Тренингде пикир алмашуунун психологиялык механизми жана мыйзам ченемдүүлүгү, ийгиликтүү пикир алмашуу үчүн зарыл болгон ыкмалар менен жөндөмдөр, ар кайсы категориядагы жарандар менен милиция кызматкерлеринин профессионалдык маектешүүсүндөгү натыйжалуу пикир алмашуу ыкмалары, пикир алмашууда милиция кызматкерлеринин сүйлөө өзгөчөлүгү, милиция кызматкерлеринин телефон менен сүйлөшүүнүн эрежелери жана маданий нормалары боюнча лекциялар окулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий