• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция кызматкерлери үчүн дээрлик миңдей батир курулууда – Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери үчүн 1 миң 111 батир курулууда. Бул тууралуу ведомствонун жыл жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабарлады.

“2018-жылы көп масштабдуу иш-чаралар өткөрүлдү: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ТүркПА мамлекеттеринин башчыларынын Саммити ийгиликтүү өткөн. Ошол ири иш-чараларда ИИМдин кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылышкан. Мен ички составга жакшы иши үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Силердин ведомстводо кандай көйгөйлөр бар экендигин мен жакшы билем”, - деп белгиледи премьер.

Анын маалыматына ылайык, коррупциянын бир себеби – аз айлык маяна. “Бирок биз моюнубузга алышыбыз керек, айлык акы баардык жакта төмөн. Кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү өкмөттүн иши жана биз бул тарапта иш алып баруудабыз”, - дейт ал.

“2019-жылы биз ведомствонун материалдык-техникалык базасын жакшыртуубуз керек. Ошондой эле бул жакта кадрдык көйгөйлөр да бар, кызмат орундарга тааныш аркылуу дайындоо фактылары бар. Мен министрликтин жетекчиси бул көйгөйлөрдү жоюу боюнча иш алып барат деп ишенем. Аймактагы инспектор ошол аймакта тартипти орнотсо, министрликтин аппаратына кызматка иштөө деңгээлине жетет деп ишениши керек”, - дейт Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий