• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Милиция кызматкерлери кайырчыларды текшерди

Коом 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Бишкекте “Кайырчы” деген аталыштагы рейд жүрдү. Анын алкагында участкалык милиция кызматкерлери, өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор, 10-бөлүмдүн кызматкерлери кайыр сурап жүргөн жарандарды аныкташты.

Бишкек ШИИБ билдиргендей, 12-17-июлга чейин кайыр сурагандар жайгашкан 27 миң орун текшерилип, андан 317 жаранды аныкташкан. Алардын - 302 чоң кишилер, өспүрүмдөр - 32. 26 кайырчыны каттоого алып, 122си менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 84 чет элдик жаран текшерилди.

17-24-июль аралыгында жалпысынан 2 миң 737 орун текшерилип, тазаланды.

313 - кайырчы алынып келинген. Алардын - 269у чоң адамдар, жашы жете электер - 44, алардын 57си каттоого алынды, 292си менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлдү, 88 чет элдик жаран текшерүүдөн өттү.

Пикир

Оставить комментарий