• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Милиция кызматкерлери тоноого шектүү эки жаранды колго түшүрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү эки жаранды колго түшүрдү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 4-декабрында болжол менен саат 03:53 чамасында шаардык милициянын "102" кызматына 11-кичирайонунан тоноо фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган.

"1988-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 03:40 чамасында белгисиз эки жаран күч колдонуп, акчасын тоноп кеткен. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган И.А. жана 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу эки жаран кармалып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Аталан факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-берененин ("Тоноо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий