• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМдин башчысы: Милиция кызматкерлери жасаган кылмыштардын бетин ачуу көбөйдү

Президент 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу көбөйдү. Бул тууралуу ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Бул коррупция менен күрөштүн жана ИИМде ишке ашырылып жаткан реформанын жыйынтыгы. Күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазасын алышат. Биз таза, ачык жумушту жүргүзүүнү уланта беребиз", — деди министр.

Жунушалиев милициянын аброюна шек келтирген таза эмес кызматкерлерден ички иштер органдарынын катарын тазалоо иши улантылып жатканын белгиледи. Коррупция менен күрөшүү боюнча өздүк курамдын арасында жумуш күчөтүлдү. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароого формалдуу мамиле жасоо фактыларын болтурбоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Жээнбеков кыргызстандыктар милициядан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү олуттуу жыйынтыктарды, тартип жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эффективдүү иш-аракеттерди күтүп жатышканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий