• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция кызматкерлеринин маянасы 2020-жылдын 1-январынан тарта көтөрүлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 24.10. 18. /Кабар/. Милиция кызматкерлеринин айлык акысы 2020-жылдын 1-январынан тарта көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган мыйзам долбоору парламентте каралып жатат. Ал бир окуудан өттү, дагы экөө калды.

“Эгерде мыйзам долбоору үч окуудан тең өтсө, 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирет жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасынын көтөрүлүшү күтүлүүдө. Пенсия жана социалдык пакет дагы көбөйөт, бирок булардын баары өз-өзүнчө каралат”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий