• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милиция кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын милиция кызматкерлеринин айлык акысын 20%дан 70 пайызга чейин жогорулатуу сунушталууда. Аталган пункт көрсөтүлгөн мыйзам долбоору учурда каралуу баскычында.

“Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу тууралуу сунуш өкмөткө багытталган. Бирок мыйзам долбоору бекитиле элек”, - деп Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Биз кароого койгон мыйзам долбоорунда иш тажрыйбасын, чинин жана башка нерселерин эсепке алуу менен маянаны 20 пайыздан 70% чейин жогорулатуу тууралуу пункт бар. Бул мыйзам долбоору азырынча каралууда, аны бекитише элек”, - деди Сеитов.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев буга чейин Кыргызстанда милиционерлердин укуктары бардык нерседен начар корголот экендигин, айлыктары аз, алардын балдары үчүн бала бакчалар жоктугун айтып чыккан.

Оторбаевдин маалыматына караганда, милиция кызматкерлеринин орточо айлык акысы 14 миң сомду түзөт. Бул прокуратура, аскер, бажы кызматкерлериникине салыштырмалуу бир кыйла аз.

Пикир

Оставить комментарий