• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция кызматтык унаанын арыкка түшүп кетишинин себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги арыкка кызматтык унаанын түшүп кетишинин себебин түшүндүрдү.

Ага ылайык, окуя үч күн мурун кайгуул кызматкерлери кызматтык унаа менен Свердлов райондук милицияга үй-бүлөлүк чыр-чатакка тиешелүү шектүү жарандарды жеткирүү учурунда болгон.

“Ал жарандарды унаадан түшүрүү учурунда ызы-чуу орун алып, толук токтой элек унаа алдыга жылып кеткен. Эч кандай материалдык чыгымга учураган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда кызматтык териштирүү жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий