• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция «Манас» аэропортунда кызды зордоп унаага отургузууга аракет кылгандарды издөөдө

Коом 0


Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Социалдык тармактарда жаш жигит кызды зордоп унаага салууга аракет кылып жаткан видео тарады, окуя 15-апрелге караган түнү «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында болгон.

Чүй облустук Ички иштер башкы баркармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, Сокулук районунун Ички иштер органынын кызматкерлери окуя болгон жерге дароо жетип барышкан. Тергөө башталып, жаңжалдын катышуучуларынын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам аракеттер жүрүп жатат, бардык жагдайлар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий