• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү делген адамды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү делип С. Сапарбеков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы М. Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

"2021-жылдын 26-ноябрында ИИМдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары С. Сапарбеков кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", -деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2021-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө соту тарабынан шектүү С. Сапарбековго карата 2022-жылдын 26-январына чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.

Пикир

Оставить комментарий