• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция Орозо айтка карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Коом 0

Бишкек, 13.06.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын милициясы Орозо айт майрамына карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

15-июнда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында 1,5 миңден ашуун милиция кызматкерлери кызматка чыгат.

Бишкектеги Эски аянттын айланасында таңкы жүрүүлөргө убактылуу чектөө киргизилет:

–Чүй проспектинен Абдрахманов жана Тоголок Молдого көчөлөрүнө чейин;

–Абдымомунов жана Абдрахманов көчөлөрүнөн Логвиненкого чейин;

–Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнөн Тоголок Молдого чейин;

–Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнөн Чүй проспектине чейин;

–Эркиндик бульварынан Фрунзе жана Абдымомунов көчөлөрүнө чейин;

– Логвиненко көчөсүнөн Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий