• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция "Ош" базарынын аймагында адашып кеткен кызды таап, үйүнө жеткирип берди

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Милиция "Ош" базарынын аймагында адашып кеткен кызды таап, үйүнө жеткирип берди.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 11-майда болжол менен саат 11:40тар чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына "Ош" базарында кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1997-жылы туулган К.А. аттуу кыз жардам сурап кайрылган. Ал 10 жаштагы сиңдиси менен базарга келип, жоготуп алгандыгын айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кичинекей кызды таап, эжесине жеткирип беришкен.

Сиңдисинин табылганын сүйүнгөн эжеси милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий