• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Милиция Ош шаарында окуган чет өлкөлүк студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн демилгеси менен 30-августта Ош шаарынын Курманжан Датка кичи шаарчасында чет өлкөлүк студенттердин активисттери менен башкармалыктын аталган бөлүмүнүн кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери менен жолугушууга чет өлкөлүк студенттер келишти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга Кыргыз Республикасынын аймагында жашап, окуп жатышкандыктан Кыргызстандын мыйзамдарын жана жергиликтүү элдин үрп-адаттарын сыйлоого, кылмыштуулукка баруудан сак болууга жана жеке коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты. Байланыш үчүн тиешелүү даректерди, телефон номерлерин калтырышты. Жолугушууда акыркы мезгилде Афганистанда болуп жаткан кайгылуу окуялар дагы эске алынды. Андагы тартипсиздик, адам өмүрүнүн кыйылып жаткан учурлары тууралуу сөз болуп, кыргыз өлкөсүндө андай окуялардын болбоосу үчүн аткарылуучу иш чаралар айтылды.

"Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан терроризмге, экстремизмге жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш аракеттер күчөтүлдү. Терроризмдин, диний экстремиздин алдын алууга багытталган ондогон жолугушуулар өттү. Жолугушууларда жарандарга бүгүнкү күндөгү кырдаал жөнүндө маалымат берилип, диний экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Салттуу динден экстремизмге, диний фанатизмге өтүп кетүү коркунучтарынын баскычтары, себептери айтылып, биргелешип алдын алуу боюнча сунуштар айтылып жатат. Калктын диний багыттагы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын адистердин катышуусу дагы каралаган. Мындай иш чаралар Ош шаарынын бардык кичи райондорунда, жогорку окуу жайларында өтүүсү пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий