• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция: Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн Өзбекстандын эки жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн Өзбекстан Республикасынын эки жараны кармалган. Алар 1994-жылы туулган М.А. (эркек) жана 1999-жылы туулган М.М.(аял) Фергана облусунун тургундары.

"М.М. аттуу жарандын айтуусуна караганда, октябрь айында жашоо шартынын оордугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынынын аймагына сойкулук жасоо үчүн мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Ал экинчи кармалган М.А. менен бир батирде жашашкан", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз түрдө бузуп өтүү фактысы боюнча топтолгон материалдар жана кармалган жарандар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине иликтөөнү улантуу үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий