• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Милиция Ошто көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары 8 жай аныктаган

Коом 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Милиция кызматкерлери Ош шаарынын аймагындагы көмүскө кумарканаларды уюштургандыгына шектүү катары 8 жай аныкталган. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Алардын арасында «Де люкс» жайы боюнча эки ирет «Жашыруун кумарканаларды уюштуруу» боюнча дагы эки ирет шектүү катары катталган.

Алардын баарына атайын экспертиза «кумар ойноочу жай эмес» деген мазмундагы жыйынтык чыгарып берген.

Андан соӊ, бул мекемелердин айрымдары көзөмөл органдарына «милиция кызматкерлери жеке ишкерлерге тоскоол болуп жатышат» дешип арыз жазышкан.

Бул багытта аталган жайларды текшерүүгө алган кызматкерлердин үстүнөн дагы текшерүүлөр болуп жатат.

Быйылкы жылы дагы «Де люкс» мекемесинин үстүнөн Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 212-беренесинин талаптарына ылайык 18- мартта Ош ШИИБнын кылмыштарды жана жоруктарды каттоо бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий