• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция психикалык оору менен жабыркаган Халмурат уулу Курбанбекти издейт

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1991-жылы туулган Халмурат уулу Курбанбекти издеп жатат.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Сокулук айылындагы Киров көчөсүндө жашачу.

Милициянын маалыматына ылайык, ал 2019-жылдын 3-октябрында үйүнөн чыгып кеткен, учурда кайда жүргөндүгү дайынсыз.

Белгилери: бою 166 см, арыкчырай, чачынын өңү кара, кыска, сакалы бар.

Кийимдери: көк түстөгү джинсы шым, көк түстөгү джинсы күрмө, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: психикалык оору менен жабыркайт.

«Халмурат уулу Курбанбектин кайда экенин билгендер болсо, Сокулук райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0 (558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29, же 0(312)60-75-67 0(3134) 5-33-80», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий