• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция Салянованын инисине кол салгандарды издеп жатат. Кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.17. /Кабар/. КР ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2017-жылдын 6-ноябрында нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Аламедин районундагы Көк-Жар айылында кол салуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери такташкандай, 6-ноябрга караган түнү түнкү саат 01:30 чамасында бир нече беткап кийген белгисиз адамдар Көк-Жар айылында жашаган Улан Саляновдун үйүнө бастырып киришкен.

Алдын ала болжолдуу маалыматка караганда кылмышка шектүүлөр 42 жаштагы Улан Саляновго эки жол ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жабыркаган Салянов аймактык ооруканага жеткирилген соң каза болгон. Кол салуу болгон учурда үйдө 42 жаштагы үй ээси, жубайы жана 17 жаштагы уулу болгон. У.Салянов депутат Аида Салянованын бир тууган иниси болот.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, шектүүлөр ак түстөгү минивен үлгүсүндөгү унаага түшүп, из жашырып кетишкен. Издөө ишине КР ИИМи, Бишкек ШИИБи жана Чүй ОИИБси тартылган.

Учурда ыкчам-иликтөө кызматы түзүлүп, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий