• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Милиция шаарда адашып жүргөн кичинекей кызды үйүнө жеткирип берди

Коом 0

Бишкек, 07.03.21. /Кабар/. Милиция шаарда адашып жүргөн кызды үйүнө жеткирип берди.

Милициянын кайгуул кызматы кабарлагандай, 7-мартта саат 01:30дар чамасында шаардык милициянын "102" кызматына Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерри 2011-жылы туулган кыз адашып жүргөндүгүн аныкташкан.

"Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кызды кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин издеп таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий