• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция Суусамыр өрөөнүндө алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Суусамыр өрөөнүндө эс алып жүргөн жарандарга, ошондой эле жол четинде соода кылган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызмты билдиргендей, милиция кызматкерлери тарабынан КР жарандарына жана чет элдик жарандарга жеке коопсуздуктары жана алардын буюмдарына сак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга эс алуу учурундагы коопсуздук эрежелерин эскертип, ар кандай кырсыктардын алдын алып, балдарды көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертишти.

Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы боз үйлөрдүн ээлери жана ар кандай буюмдарды саткан жергиликтүү тургундар менен жеке коопсуздук эрежелерин сактоо жана жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн дайыма сак болууга чакырышты. Коопту жерлерден жолдорду кесип өтүүдө этият болууга үндөп, сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан аталган өрөөндүн мал ээлеринин мал уурулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар милиция кызматкерлеринин эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий