• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция төрт жылдан бери дайынсыз болгон Жаныбек Атамкуловду издеп жатат

Кырсык 0

Бишкек 16.01.20 /Кабар/. Сокулук райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 43 жаштагы Жаныбек Атамкуловду издеп жатат.

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, Жаныбек Военно-Антоновка айылынын Түштүк көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал үйүнөн 2016-жылдын май айында чыгып кеткен, учурда кайда жүргөндүгү дайынсыз.

Белгилери: бою 160-165 см, орточо дене түзүлүштөгү, көзү күрөң, чачы кыска.

Кийимдери: кочкул кызыл түстөгү кофта, кара спорт шымы, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: көкүрөгүнүн оң тарабында операциядан кийинки так калган.

«Жаныбек Атамкуловдун кайда экенин билгендер болсо, Сокулук райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0 (558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29, же 0(312)60-75-67 0(3134) 5-33-80», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий