• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция таяк менен баланы урган кишиге карата кылмыш ишин козгоду

Коом 0

Бишкек, 19.09.17. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук ИИБси баланы таяк менен урган кишиге карата кылмыш ишин козгоду.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 16-сентябрда милицияга арыз түшүп, анда белгисиз адам жаш баланы таяк менен ургандыгы тууралуу маалымат жазылган.

“Аталган материал ошол эле күнү катталган. Кызматкерлер тарабынан бардык материалдар чогултулуп, күбөлөр суракка алынып, баланын ата-энесинен жана окуяны видеого тарткан адамдан түшүндүрмө алынган. Учурда бул иш боюнча бир катар экспертизалар дайындалды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Эске сала кетсек, Facebook түйүнүндө болжол менен 60 жаштагы киши кичинекей баланы таяк менен уруп жатканы тартылган видео тараган. Окуя 16-сентябрда шаардагы үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Баланын апасынын айтуусуна караганда, милиция аталган факты боюнча арыз кабыл алуудан баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий