• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Милиция тарабынан өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Милиция тарабынан өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаштарга түнкү убакыттарда көчөгө чыкпоо керектиги эскертилүүдө. Алар Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу, эрте турмуш куруунун терс жактары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындай иш-чаралар алдыда башка айыл өкмөттөрдө дагы улантылмакчы.

Ошондой эле Базар-Коргон РИИБи тарабынан дагы жаш өспүрүмдөрдүн эрте эмгекке тартылуусунун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын рейд өткөрүлдү. Бул иш-чарага райондук администрация жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү дагы катышты. РИИБдин кызматкерлери базарларды, автобекет, кафе, компьютердик клубдарды көзөмөлгө алышты. Рейд учурунда түнкү убакытта коштоосу жок жүргөн 4 өспүрүмдүн ата-энелерине КРнын Бузуулар кодексинин 61-беренесинин негизинде айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий