• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милиция: Ысык-Көл облусунда коомдук-саясий абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Каракол шаарында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен тегерек стол уюштурулуп, анда аймакта түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал жана диний экстремизмге, терроризмге каршы көрүлүп жаткан иштер талкууланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, тегерек столдун ишине жогорку окуу жайларынын студенттери, мектептердин окуучулары, облустук казыятынын, православдык чиркөөнүн жана улуттук диаспоралардын өкүлдөрү катышты.

Ысык-Көл ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Арсен Самаевдин айтымында, учурда облустун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу, көпчүлүк жергиликтүү тургундар күзгү талаачылык иштерин аяктоонун алдында турушат.

«Облустун укук коргоо органдары, коомчулуктун активдүү катмарынын жардамына таянып, жарандардын укуктарын камсыздоо максатында укук тартиптин жана мыйзамдардын талаптарын аткарылышы боюнча талыкпаган иштер турмушка ашырылып келүүдө. Тегерек столдун ишине катышкан улуттук диаспоралардын өкүлдөрүнүн айтмында, бүгүнкү күндө облустун аймагында 23 башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Бул облустун элинин жалпы санынын 15 пайызын түзөт. Учурда аталган диаспоралардын мүчөлөрү да четте калбастан, жергиликтүү калк арасында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери колго алынып, жүргүзүлүп келүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков белгилегендей, социалдык тармактарда түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

«Өзгөчө көӊүлдү балдарга, алардын социалдык тармактардагы кызыкчылыктарга буруу зарыл. Улуттар аралык мамилелерди жана улуттун ар тараптуу өнүгүүсүн бекемдөө максатында жаштар арасында түшүндүрүү иштерин, ар бирибиз күчөтүү керек», - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин өкүлү Айбек Майрыков белгилегендей, жаштардын жарандык адеп-ахлактык жана турмуштук позицияларын түзүүгө көмөктөшүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында дискуссиялык аянтчаларды уюштуруу зарыл.

Тегерек столдун аягында анын катышуучулары адамдардын эмоцияларын башкарууга, бийликке болгон ишенимдин деңгээлин төмөндөтүүгө, улут аралык ынтымагын бузууга жана регион аралык бөлүштүрүүгө багытталган маалыматтык согушка каршы бирдиктүү аракеттерди күчөтүү пикирине келишти.

Пикир

Оставить комментарий