• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция: Ысык-Көл облусунда шайлоо өнөктүгү коомдук тартипти бузуусуз өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо референдум укук бузуусуз өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылдайык, учурда, милиция кызматкерлери башка укук коргоо органдарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен бирдикте коомдук коопсуздукту толугу менен камсыз кылууда.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 248 шайлоо участкасында 500гө жакын милиция кызматкери, ошондой эле эркин элдик кошуундардын 1000ден ашуун өкүлү коомдук тартипти камсыз кылуууда.

Шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдык ченемдердин талаптарын бузууга жол бербөө үчүн облустун бардык укук коргоо түзүмдөрүнүн иш-аракеттери координацияланган.

Добуш берүү аяктагандан кийин милиция кызматкерлери шайлоо иш кагаздарын аймактык шайлоо комиссияларына жеткирүүдө коопсуздукту толук камсыз кылышат. Коомдук коопсуздукка тартылган тартип сакчылары добуштарды эсептөө аяктаганга чейин кызмат өтөшөт.

Башкармалыктан белгилешкендей, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо күнү шайлоо участокторунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча тартылган бардык милиция кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушкан.

Учурда аймакта ыкчам кырдаал туруктуу жана укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Эске сала кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Пикир

Оставить комментарий