• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштерди улантууда

Аймак 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан профилактикалык жумуштар улантылууда. Бул тууралуу облустук миилциянын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБи тарабынан "Лидер" аталышындагы иш-чара уюштурулуп, мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Мектеп рекетчилигин жана топтошуп мушташууларды болтурбоо багытында чоң класстардын окуучулары менен маектешүүлөр орун алды. Аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу жана жол эрежелерин сактоо керектиги эскертилди.

Ал эми Сузак жана Тогуз-Торо РИИБдеринин кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аймактарды кыдырууларды улантып жатышат. Алар жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын жеринде кабыл алышууда. Милиция кызматкерлери айыл элин өз малдарына сак болууга жана ар дайым көзөмөлдөөгө чакырышууда. Ошондой эле интернет тармагындагы такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана башкаларга таратпоого, бөлүшпөөгө үндөшүүдө.

Сузак РИИБинин көчмө кабылдама унаасы жыл башынан ушул күнгө чейин 20 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 25 кайрылуу кабыл алган. Ал эми Тогуз-Торо РИИБинин көчмө кабылдама унаасы райондун эң алыскы айылдарына чейин 17 ирет барып, ар түрдүү мазмундагы 49 арыз-даттанууларды жана сунуштарды кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий