• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Милиция: Жалал-Абадда жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Таш-Көмүр милициясы шаар аймагында азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүүлөрдүн алдын алуу максатында сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, милицияга бул багыттагы жумуштарга элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүүдө. Алар шаар аймагындагы жана базар ичиндеги дүкөндөргө барышып, азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрбөөгө жана такталбаган жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырышууда.

Ошондой эле мектеп мугалимдери тарабынан көтөрүлгөн демилгенин арты менен окуучуларга карата күнү-түнү атайын рейддер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери азыркы учурда билим берүү жайлары жабылгандыгына байланыштуу өспүрүмдөр өз үйлөрүндө ата-энесинин көзөмөлундө болуу керектигин эскертишүүдө.

Мына ушундай эле окуучуларга байланыштуу рейд Ноокен райондук милициясы тарабынан да өткөрүлүүдө. Жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн, социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдердин катышуусундагы иштер район борборундагы базарларда жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери коронавируска байланыштуу жергиликтүү тургундарды жана өспүрүмдөрдү көчөгө чыкпай, өздүк гигиенаны сактоого чакырышууда.

Пикир

Оставить комментарий