• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милиция журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү тууралуу билдирүү таратты

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Кечээ, 22-июлда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Акун” пансионатында “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев каза болгон. Бул окуяга байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Ага ылайык, 22-июлда саат 14:30 чамасында Ысык-Көл райондук ооруканасынын тез жардам станциясынан “Акун” пансионатынын кум жээгинде 20-25 жаштагы адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, У.Эгизбаев жубайы А.Сапаргүл менен аталган пансионатта 19-июлдан бери эс алып жатышкан.

Саат 11:00 чамасында алар номеринин ачкычын администраторго тапшырышып, кетер алдында дагы бир жолу сууга түшүүнү чечишкен.

Кара-Ой айылынын тургундары 10 жаштагы Ж.Курманбек жана 14 жаштагы А.Кудайбергендин айтымында, алар ошол күнү көл жээгинде эс алуучуларга жүгөрү сатып иштеп жүрүшкөн. Сууга түшө башташканда пирстен 20 метрдей алыс жерде суунун үстүнө калкып чыгып кайра кирип жаткан адамды байкашкан. Бир убакта ал адам көлдүн үстүнө калкып чыгып калганда эс алып жаткан чоңдорго кабар беришкен. Үч киши кѳлгѳ кирип, ал адамды кѳл жээкке алып чыккандыгын билдиришкен.

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 22-жаштагы тургуну А. Сыргактын айтымында, аларга кичинекей балдар көлгө бир киши калкып калды деп айтканда эле үч адам болуп ал адамдын денесин көлдүн жээгине чыгарышкан.

Ошондой эле “Акун” эс алуу жайынын кызматкерлери Т. уулу Бакай жана медайым Ж. Назгүл адамды куткарып калуу үчүн жасалма дем алдырып биринчи медициналык тез жардам кѳрсѳтүшкѳнүн, бирок андан эч натыйжа чыкпагандыгын билдиришкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында көлгө чөгүп каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал, “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев болуп чыгып, анын сөөгү Ысык-Кѳл райондук оорукананын өлүкканасына алынып келинген.

Ошол учурда Улан Эгизбаевдин бир тууган эжеси Түп районунун Сары-Дѳбѳ айылынын тургуну К. Назгүл келип, ѳтүнүч арыз менен кайрылган. Арызында инисин Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборунан тийиштүү экспертизадан өткөрүлүшүн көрсөткөн.

Аталган факт Ысык-Кѳл РИИБде катталып, Улан Эгизбаевдин сөөгү Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий