• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милицияны полиция деп өзгөртүү тутумдагы өзгөрүүлөрдү камтыйт - эксперт

Саясат 0

Бишкек, 03.03.18. /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Милицияны полиция деп өзгөртүү ИИМ ишиндеги өзгөрүүлөрдү камтыйт. Мындай пикирин милициянын полковниги, КР өкмөтүнүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысынын мурдагы орун басары Егор Скобеев премьер-министр С.Исаковдун ИИМ тутумундагы реформа жана милицияны полиция деп өзгөртүү жөнүндө билдирүүсүнө карата айтты.

Эксперт премьер-министр маморгандын өзүнүн маңызыны өзгөртүү, атын алмаштыруудан кийин милициянын иш-милдеттери да өзгөрө тургандыгы тууралуу айтканын белгиледи.

“Премьер-министр ички иштер органдарынын ишмердигине көзөмөл жүргүзүлө турганын айтты. Бул тууралуу айтылган конференциянын өзүндө алдын алуу жана эксперттер менен жарандык коом лейтмотив катары козгогон мамлекеттик бийлик органдары менен жалпы коомдун өз ара өнөктөштүк алакаларынын тутумун өнүктүрүү зарылдыгы маселелери каралган”, - деп билдирди эксперт.

Анын айтымында, алдын алуу маселелери мамлекеттик органдардын гана эмес, жарандардын дагы милдети. Тагыраагы, жарандык коом менен коопсуздук органдардын ортосунда өнөктөштүк сүйлөшүү болушу керек.

“Дал ушул жарандык коом, анын активдүү бөлүгү коопсуздук тармагындагы социалдык тапшырыкты түзүүсү зарыл. Тагыраагы жарандар өздөрү кандайдыр бир маселелерди жана коопсуздукту камсыздоо үчүн мамлекет эмне кылышы керектигин аныкташы керек. Премьер-министр дал ушул тууралуу айтты. Алдыдагы реформалар милициянын полиция деп аталышында эмес, анын ишинин ички мазмуну өзгөртүлөт”, - деп түшүндүрдү Скобеев.

Эксперт акыркы 20 жылдан бери айтылып келген ИИМ тутумун реформалоо – зарыл экендигин билдирди.

“Укук коргоо органдары калкка кызмат көрсөтүүсү, мамлекеттик органдар эле эмес, коом дагы артыкчылыктуу багыттарын аныктай турганы жана бул өнөктөштүктө болору тууралуу биринчи жолу айтылууда. Бул актуалдуу жана маанилүү, муну мурда эле ишке ашыруу керек болчу. Премьер-министр бул тууралуу айтканы жакшы болду. Демек, саясий эрк бар”, - деп жыйынтыктады Скобеев.

Пикир

Оставить комментарий